Путиндин учагын Египетке бир нече аскердик учактар коштоп учту

09:21, 13 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com

Россиянын президенти Владимир Путиндин учагын Египетке бир нече аскердик учактар коштоп бара жаткандыгы тууралуу видео таркады.

11-декабрь күнү Владимир Путин «Хмеймим» аскердик базасында болуп, Россиянын аскерлерин Сириядан чыгаруу тууралуу буйрук берди. Андан кийин ал Каирге жөнөп кетти. Россия президентинин учагын бир нече истребителдер коштоп учушкан.