10:03, 14 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com
«Классикалык изилдөөлөр» китеби жарык көргөндүгүн Улуттук илимдер академиясы маалымдайт.
Аны академиянын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту басып чыкты. Жыйнакка кыргыз тил илимине негиз салуучулардын бири, көрүнүктүү окумуштуу Касым Тыныстановдун 1927-36-жылдардагы кыргыз тили боюнча эмгектери киргизилип, автордун жазуу эрежелери өзгөртүүсүз берилди.
Андан сырткары китепке филология илимдеринин доктору, профессор Сарыбай Кудайбергеновдун жана УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Аскар Турсуновдун кыргыз тили боюнча жазылган илимий эмгектери кирди.
С.Кудайбергенов кыргыз тилинин морфологиясы боюнча көрүнүктүү тилчи-окумуштуу. Ал зат атоочтун таандык категориясы, этиштин мамиле, ыңгай категориялары, тууранды сөздөр, ат атоочтор жана сөз өзгөртүү системасы, ошондой эле зат атоочтун жана этиштин морфологиялык жана синтаксистик жол менен жасалышын терең талдап, сөздөрдүн этимологиясы боюнча баалуу пикирлерди айткан.
А.Турсунов кыргыз тилиндеги сөз айкаштары, тактап айтканда, атоочтук жана этиштик сөз айкаштары боюнча ири адис-окумуштуу. Анын «Кыргыз тилиндеги сөз айкашы» (1976), «Кыргыз тилиндеги этиштик сөз айкашы» (1978) деген монографиялык эмгектери бүгүнкү күндө кыргыз тил илиминдеги таңсык китептердин катарына кирет.
500 нускада басылып чыккан жыйнак кыргыз тилин изилдеген окумуштууларга, изденүүчүлөргө, аспиранттарга жана жалпы окурмандарга арналат. Мындай тил багыты боюнча классикалык эмгектердин жыйнагы 2020-жылга чейин сериялык эмгек катары жарык көрө бермекчи.