Маң зат менен кармалган «Пантеранын» майорунун өзү да чеккени аныкталды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине укук коргоо органдарынан маалымдашты.
Алардын айтымында, «Пантера» атайын бөлүгүнүн майору Ниязбек Борукуловдон алынган анализден марихуана табылды.
Ниязбек Борукулов 1-декабрда Токмок шаарында үйүндө кармалган. Тинтүү учурунда 60 грамм марихуана табышкан. Ага карата кылмыш иши козголуп, бир айга камакка алынды.


