Аскер кызматын өтөп жаткан жоокер өзүнө ок чыгарды

15:59, 15 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз армиясынын Аба коргонуу күчтөрүнүн зенит-ракеталык бөлүгүнүн аскери өзүнө ок атып, мерт болду. Бул тууралуу маалыматты «24-kg.com» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, кырсык бүгүн болду. Эламан Рахманберди уулу Ноокат районунан аскердик милдетин өтөөгө чакырылган.

Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.