Бишкекте инспекторду сүзүп кеткен айдоочу убактылуу камалды

09:45, 18 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек шаарында Жол коопсуздугу башкармалыгынын инспекторун сүзүп кеткен «Лексуса ЛX-470» автоуунасынын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу маалымат кызматы билдирет.

17-декабрь күнү Масалиев көчөсүндө инспектордун токтоо буйругуна баш ишбей, айдоочу кайра милиция кызматкерин сүзүп кеткен.

Башкармалыктын билдирүүсүндө, инспектор Бишкек шаардык жаракат жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жаткарылды. «Лексуса ЛX-470» унаасынын айдоочусу 1998-жылы туулган ордо кааланын тургуну.