Кыргыз калпагы Амазон дүйнөлүк интернет дүкөнүндө сатылууда

17:06, 19 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз калпагы Амазон дүйнөлүк интернет дүкөнүндө сатылууда. Баасы 25 доллардан жогору. Кыргыз калпагынын башкача формасын Амазондогу башка сатуучулардан дагы табууга болот.

Амазон -дүйнөлүк интернет дүкөн. Анда дүйнөнүн булуң-бурчунда олтуруп, товарларын АКШнын тургундарына сата алышат. Кыргызстандыктар дагы бул сооданы өздөштүрүүдө. Амазонго өз товарын киргизип сата баштагандар дагы бар.

Бул ири соода түйүнүнүн негиздөөчүсү Жеф Безос 2017-жылы дүйнөнүн эң бай адамы деп табылды.