Мектеп окуучулары менен студенттер Манастын нике түнүн окубайт

13:23, 22 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандагы мектеп жана жогорку окуу жайлардан «Манас» эпосу боюнча окуу курал кайтарылып алынды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйында айтылды.

Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, китептин жаңы редакциясы басууга даярданууда.

«Илимдер академиясындагы китептин чыгышына жооптуу кишилер жазаланды» - дейт ал.

Эскерте кетсек, «Манас» эпосунун Бексултан Жакиев жазган окуу куралында Манас менен Каныкейдин нике төшөгү дагы кеңири сүрөттөлөт. Ал 2011 жана 2015-жылы басылып чыккан. Аны 2017-жылы гана Кара-Суу районундагы мектептин мугалими байкап, жарыя салган.

Билим берүү министрлиги менен Илимдер академиясы байкабай калгандыгын айтышкан.