21:37
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Ошто «Мэрдин балатасына» аз камсыз болгон үй-бүлөдөн 200 бала катышты

Кечээ Ош шаарында «Мэрдин балатасы» өттү. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлайт.

Балатыга мектеп-интернаттарынан, балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунан, балдар үйлөрүнөн жана билим берүү мекемелеринен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 200гө жакын бала катышты.

Иш-чаранын алкагында балдарга шаңдуу майрамдык концер тартууланып, жомок каармандары менен биргеликте балатыны айланып бийлешти.

Эң көп окулган жаңылыктар