Бишкекте жааган карды «Тазалыктын» 570 кызматкери тазалоодо

09:26, 27 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com

«Тазалык» ишканасынын баардык кызматкерлери карды тазалоого тартылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине муниципалдык ишкананын директору Рыспек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, таңкы саат 4.00дөң баштап жааган карды тазалоо үчүн бир сааттан кийин эле ишкананын техникасы иштей баштаган. Учурда үч универсалдык машина, 5 трактор шаар ичинде иш алып барууда.