11:34, 28 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com
Жаңы-жылдык кечеде 110 мектеп окуучусу ууланды. Бул тууралуу маалыматты «24-kg.com» агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.
Алардын маалыматында, кечээ Чүй облусунун Кегети айылынын мектеп окуучулары жана төрт мугалими ооруканага жеткирилген. Текшерүүдөн кийин 38и жаткарылып, калганы үйгө жөнөтүлгөн.
Мектепте жаңы-жылдык кечеде жарык генератор менен берилген. Окуучулар генератордон чыккан жытка ууланган.