Чүйдө поезд менен жеңил ууна сүзүштү

12:16, 28 декабря 2017, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусунда поезд менен жеңил ууна сүзүштү. Бул тууралуу маалыматты «24-kg.com» агенттигине «Кыргыз темир жолу» ишканасынан ырасташты.

Маалыматка караганда жеңил ууна жүрүп бара жаткан поезддин алдынан чыккан. Айдоочу аял ооруканага жеткирилди.

Поезддер убак-сааты менен жүрүп жатат.