Баткендеги Кан-И-Гут үңкүрүн музейге айлантууну сунушталды

10:36, 11 января 2018, Бишкек - 24-kg.com

Баткен облусунун Самаркандек айылындагы Кан-И-Гут үңкүрүн музейге айлантууну Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов сунуштады.

Анын айтымында, Түштүк Кореяда дагы үңкүргө окшош жер музейге айланган. Азыр ал жакка жылына 1,5-2 миллион турист келип турат.

«Үңкүрдө мурда алтын менен күмүш алып турушкан экен. Жергиликтүү бийлик каражат таап, музейге айлантса, туристтер үчүн жакшы жайга айланмак», -дейт депутат.

Фото