10:06, 15 января 2018, Бишкек - 24-kg.com
Ош шаарындагы аба майдандан тумандан улам убактылуу жабылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Алардын айтымында, аба майдан ички жана эл аралык дагы каттамдарды кабыл албайт. Москвадан жана Иркусттан Ошко келе жаткан учактар Бишкекке конду. Ош-Бишкек жана Ош-Раменск каттамдары кийинкиге жылдырылды.
«Манас» аба майданы толук иштеп жатат.