10:21, 16 января 2018, Бишкек - 24-kg.com
Ош шаарындагы аба майдан бүгүн да убактылуу жабылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Өлкө ичиндеги каттамдар башка күнгө жылдырылып, четтен келген учактар башка аэропортко кондурулууда. Москва жана Петербургдан келген учактар Бишкекке конушту.
Эскерте кетсек, кечээ дагы аэропорт тумандан улам жабылган. Кечке жуук гана толук иштей баштаган.