15:29, 16 января 2018, Бишкек - 24-kg.com
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановдун мандатын тапшыруу боюнча арызын карай албайт. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине мекемеден билдиришти.
Алардын айтымында, депутаттын атынан жазылган арызды анын тарапташтары алып келишкен.
Өмүрбек Бабановдун жардамчысы Мирсулжан Намазалиев депутаттык мандатынан баш тартууга арыз жазганын жарыялаган. Партия лидери өзү Жаңы-жыл алдында саясаттан кеткендигин кабарлаган.