10:22, 22 января 2018, Бишкек - 24-kg.com
«Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында орнотулган видеобайкоо үчүн шаардыктар акы төлөшпөйт. Бул тууралуу өкмөт «24-kg.com» агенттигине билдирди.
Өкмөт шаардын айрым райондорунда жабыштырылган жарыяларга эч бир тиешеси жоктугун айтат.
«Бул кандайдыр бир тамаша, же атайын провокация болушу мүмкүн. Эч кандай акча төлөмдөр болбойт» — дейт өкмөт.