17:17
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Мамлекеттик каттоо кызматы паспортторду даярдап жетишпей жатат

Мамлекеттик каттоо кызматы биометриялык паспортторду даярдап жетишпей жатат. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине мекемеден билдиришти.

Алардын айтымында, биометриялык ID-картаны алууну каалагандардын саны өтө көп болууда. Андыктан, жаңы жылга чейин тапшырган жарандар дагы ала элек.

«Күнүнө 2 миңден −6 миңге чейин арыз кабыл алынып жатат. Өтө көп жарандан кагаздар түшүп жаткандыктан, маалыматтарды текшерип, убагында паспортту бере албай жатабыз. Мурда 12 күндүн ичинде даярдасак, 7-10 күнгө артка жылып кетти», — деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар