Бишкекте Аскердик лицейдин окуучулары менен жергиликтүү өспүрүмдөр мушташты

13:16, 05 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейдин окуучулары менен «Жал» кичирайонундагы № 72 мектептин окуучуларынын мушташы текшерилет. Ага Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет, № 72 мектептин жана ИИМдин өкүлдөрү тартылат.

Мушташ 4-февралда болгон. Аскердик лицейдин маалыматында, аны убагында токтотуп калышкандыктан жабыркагандар жок.

Иликтөө иштери мындай кагылышуулардын алдын-алуу жана келишпестиктин себебин аныктоо үчүн жүргүзүлөт.