Ош шаарында ажылыкка каттоо Сулайман тоо мечитинде жүрүп жатат

11:15, 06 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарында ажылыкка каттоо «Сулайман тоо» мечитинде жүрүп жатат. Бул тууралуу каала мэриясы маалымдайт.

Шаардыктардан Меккеге зыярат боюнча казыятка, же «Сулайман тоо» мечитине кайрылууну суранат.

Эскерте кетсек, ажылыкка каттоо 23-январдан 23-февралга чейин жүрөт. Быйыл биометриялык паспорт менен гана барууга болот. Зыяратчылардын саны менен бирге, акы дагы кымбатташы күтүлөт.