Ош облусунда имам террордук уюмдун мүчөсү катары айыпталууда

12:24, 06 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Террордук уюм менен байланышы бар шеги менен Ош облусунун Араван районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматтыа, шектүү Араван районунун мечиттеринин биринин мурдакы имамы экендиги айтылат. Тергөө иштерине таянып, диний кызматкердин аты-жөнү ачыкталбайт. Алдын-ала билдирүүлөр боюнча, шектүү Кыргызстандын аймагындагы террордук иштерге катышкан.