Кыргызстандын муфтийи Екатеринбург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушат

14:44, 09 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстан муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 16-17—февралда Россиянын Екатеринбург шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушат. Бул боюнча мусулмандар Дин башкармалыгы маалымдайт.

Муфтия мекендештер менен мигранттардын жашоо турмушу жаатында баарлашып, атайын баяндама жасайт.

Жолугушуу Екатеринбург шаарындагы «Верхняя Пышма» шаарчасындагы «Бухари» атындагы мечитинде болот. 16-февраль жума намазына чейин баян, кечки шам намазынан кийин баян жана суроо-жооп уюштурулат.