14:36, 12 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com
Үч жыл ичинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын алты кызматкери дөңгөлөк астында каза болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.
Алардын айтымында, бүгүн эртең менен 8.00дө Бишкекте унаа сүзүп кеткен А. Султаналиеванын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт.
Ишкананы кызматкерин эртең менен «Хонда» унаасы сүзүп кетти. Аял «Тез жардам» кызматынын унаасында набыт болду.
А. Султаналиева 2016-жылдан бери көчө шыпырып иштеп жүргөн.