09:38, 13 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com
Кара-Кол шаарында эки жашар бала ооруканада эс-учун жоготкон бойдон өзүнө келбей көз жумду. Ата-энеси бала бакчаны айыптоодо. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттиги анын туугандары айтып беришти.
Алардын билдирүүсүндө, наристе чындап тез-тез оорууган жана аны Бишкекке даарыгерлерге дагы алып барып көрсөтүшкөн.
Шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинде, баланын эки өпкөсү тең жабыркаганы аныкталды. Экспертиза дайындалып, иш козголуп, өлүмүнүн себеби текшерилүүдө.