Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн ЖОЖдордон 11 орун бөлдү

14:30, 16 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Кытайдын билим берүү фондун башкаруу мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандары үчүн 11 өкмөттүн стипендия бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Алардын маалыматында, стипендия бакалавриат, магистратура, докторантура жана тил үйрөнүү багыттарына бөлүндү. 7-мартта чейин документтер кабыл алынат.