Ошто бокстун 90-жылдыгын белгилешти

09:06, 21 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин залында Кыргыз боксунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта, акыркы 4 жылда Ош шаарында 4 спорт зал пайдаланууга берилип, 5 спорттук мектепте, 36 спорттук залда спорттун 21 түрүнөн машыгуулар өткөрүлүп жаткандыгы айтылат.

Учурда СССРдин жана Кыргызстандын бокс боюнча чеберлеринин саны 111ди түзөт жана спорттун чеберлигине 55тен ашуун талапкер даярдалган.