Сулайман-Тоодо жаш жигит өмүрүн кыюуга аракет кылды

09:12, 21 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоодо жаш жигит өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, 19-жаштагы А.Я. тоого чыгып, кан тамырын кесүүгө аракет кылган. Жигитти «Тез жардам» ооруканага жеткирди.