Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков ачкачылыкты токтотту

14:36, 21 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Түрмөдөгү Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, экөө жакынкы күндөрү №1 тергөө абагынан №22 түрмөгө которулат. Ал эми

Бектур Асанов ачкачылыкты улантууда. Ал дагы эле №47 абакта, даарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталган оппозициянын мүчөлөрү 20 күндөн ашык ачкачылыкта олтурушту. Алар УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди отставкага кетирүү талабын коюшкан.