11:59, 28 февраля 2018, Бишкек - 24-kg.com
Венгриянын Жогорку окуу жайлары быйыл дагы 25 кыргызстандыкты кабыл алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.
Алардын айтымында, Венгрия өкмөтү жаңы окуу жылына карата бюджеттик орундарды бөлүүгө даяр.
Учурда Венгрияда 23 студент окуп жатат. Былтыркы жылы студенттерди окууга кабыл алууда чатак чыккан. Депутат Жанар Акаевдин сынактын калыс эмес өткөндүгү боюнча билдирүүсүнөн кийин гана айрым талапкерлер ордунан баш тарып, алардын ордуна башкалар кабыл алынган.