09:19, 01 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com
Каракол шаарындагы «Каприз» лыжа тебүүчү жайына жакын жерде россиялык туристтердин үй-бүлөсү көчкү астында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Алардын айтымында, кырсык кечээ саат 17.00дө болду. ӨКМдин 8 куткаруучусу барып, үй-бүлөнү кар астынан алып чыгышкан. 9 жашар кыз набыт болду.