Кыргызстандыктар уул-кыздарына сейрек койгон ысымдар

09:02, 07 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com

Мамлекеттик каттоо кызматы «24-kg.com» агентигине кыргызстандыктар уул-кыздарына сейрек койгон ысымдардын тизмесин берди.

Мекеменин маалыматында, акыркы эки жылда балдарга: Наир, Эрденет, Нойон, Алсейит жана Аккут деген ысымдар эң аз ыйгарылган.

Ал эми саналуу гаана кыздарга Сана, Акседеп, Ляззат, Айтумар жана Акжайна аттуу аттар коюлган.