Кыргыз эл артистти Ашир Чокубаев дүйнө салды

09:11, 12 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз эл артистти Ашир Чокубаев 11-март күнү, 70 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, актёр узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

Ашыр Чокубаев кинодогу жолун 1968-жылы кыска метраждуу «Парижке карай жол» тасмасына тартылуу менен баштаган. Ал 30га жакын кыргыз жана казак тасмаларына тартылган.

Актёр «Ак илбирстин тукуму», «Көчмөн» жана «Курманжан датка» тасмаларында жараткан ролдору менен элге кеңири таанылган.

Фото