Ош шаарында үч күн аралыгында 30 айдоочу мас абалында кармалды

10:50, 13 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ош шаарында үч күн аралыгында 30 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу шаардык Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

«Кооптуу жүк» жана «Көңүл бургула, балдар!» аталышындагы рейддин жыйынтыгында жол эрежесин бузган 786 айдоочуга карата протокол түзүлгөн. 58 унаа айып пул төлөөчү жайга жеткирилген.