21:51
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Ошто окуучу кызды ала качып кетти

Оштун тургуну мектеп жашындагы кызда ала качып кетти. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Ош облустук ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш жигит кызын күч колдонуу жолу менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кеткени жазылган.

«Ата-энесинин айтымында, азият улутундагы жигит кызды үйүнүн жанынан уурдап кеткен. Жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 27 жаштагы Оштун тургуну кармалды. Ал 9-класстын окуучусу менен телефон аркылуу таанышып, андан соң ала качып кеткен», — дейт ИИБ.

Аталган факт боюнча «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар