Депутаттар Чүй проспектинин атын өзгөртүүнү колдоду. Мындай чечим бүгүн шаардык кеңештин отурумунда кабыл алынды.
Шабдан Баатыр көчөсүнүн Чүй проспектинен тартып, Бишкектин түштүк чек арасына чейинки бөлүгүн 7-апрель көчөсү деп атоо сунушталууда. Ал эми Чүй проспектинин Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан Баатыр проспекти деп аталат. Өзгөртүү 7-апрелдин атын өчүрбөй сактап калуу максатында жүргүзүлүүдө. Иш чарага бардыгы 120 миң сом сарпталат.Эскерте кетсек, «24-kg.com» агенттигинин дээрлик көпчүлүк окурмандары Чүй проспектинин атын өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, аны ашыкча чыгаша деп баалашкан.