Бишкекте 23 жаштагы бала өз жанын кыйды. Ал курулуп бүтө элек үйдүн 11-кабатынан секирип набыт болду. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине шаардык ИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, жигит апасынан башкалардын номерин телефондон бүт өчүрүп салган.
«Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу дагы кеңири маалымат берилет», — деп билдирди ИИБдан.