Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүрүү иштери жүрүүдө

12:11, 20 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек-Ош унаа жолунда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын маалыматында, Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-мартынан 21-мартына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Кечээ көчкү түшүрүү иштери токтотулуп, бүгүн кайра башталды.