Фермерлерге 185 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыялар берилди

15:56, 22 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com

Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, 2018-жылдын 15-мартына карата коммерциялык банктар тарабынан республиканын 533 субъектине жалпы суммасы 185,31 млн сомду түзгөн жеңилдетилген насыялар берилди.

Белгилей кетсек, өкмөттүн 2018-жылдын 14-февралындагы № 92 — токтому менен "Айыл чарбаны каржылоо —6"долбоору бекитилген.

Токтомго ылайык Каржы министрлиги менен республиканын 11 коммерциялык банкынын ортосунда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 5 млрд 816 млн сомго макулдашуулар түзүлгөн.