15:34, 23 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com
Бектур Асанов бир кишилик камерада кармалган жок. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, Бектур Асанов коопсуздугун камсыз кылууну сурангандыктан, ал күзөт кызматынын жанындагы камерага киргизилген.
Эскерте кетсек, оппозициячыл Бектура Асанов бир айдан бери № 27- абактын бир кишилик камерасында кармалып жаткандыгы тууралуу Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын жетекчиси Таалайбек Жапаровго жана баш прокурор Индира Жолдубаевага кат жолдогон. Катты активист Адил Турдукулов Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жайгаштырган.