Чүйдүн имамдары ишембиликти жыл бою улантат

17:38, 23 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусунун бардык аймактарындагы мечиттерде 50 пайыз ишембилик иш чарасы аяктап, коомдук жайлар, мечит, медреселердин айланалары тазаланды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда Жайыл районунан 35 имам Кара — Балта шаарынын Кожомбердиев жана Фрунзе көчөлөрүн тазалашып, ишембилик өткөрүштү. Ишембиликке Кара — Балта шаарынын вице-мэри катышып, имамдарга ыраазычылыгын билдирди. Мындан ары Чүй облусу боюнча бардык мечиттер тазаланып, көчөт, гүлдөр отургузулуп, ишембилик иш чарасы жыл бою уланат», — деди Муфтияттын маалымат кызматынан.