10:07, 26 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com
Орусиянын Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборунда катталган өрттүн кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстан жарандарынын бар жогу такталууда. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тилсиз жоонун кесепетинен 39 киши каза таап, дагы 43ү жаракат алганы айтылууда.