Былтыр Кыргызстанда туристтерди кабыл алуу боюнча 480 мекеме иштеген

09:28, 28 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com

Былтыр Кыргызстанда 480 эс алуучу жай туристтерди кабыл алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Аталган жайлардын 190у атайын багыттагы конок үйлөр. 101и эс алуу пансионаты, 24ү балдардын ден-соолук борбору, 19у санаторий болсо, дагы 6сы балдар санаторийи, 5и эс алуу үйү болгон. Ошондой эле 10 профилактикалык санаторийлер, 10 туристтик базалар, 7 эс алуу базалары, 9 спорттук лагерь, 5 дарылоо багытындагы пансионаттар кызмат көрсөткөн. Андан тышкары 192 мейманкана жана конок үй болсо, 59у туристтик фирмалар, 9у жаратылыш парктары 30у туристтик объекттер болгон.