Он күн мурунун Чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран табыла элек

09:35, 29 марта 2018, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда чоң Чүй каналына түшүп кеткен жаран дагы эле изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-мартта, саат 21:00 чамасында 1988-жылы туулган Канттын М. Н. аттуу тургуну чоң Чүй каналына түшүп кеткен.

Издөө иштери бүгүн дагы улантылат.