09:48, 02 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөп түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3...8°, күндүз 11...16° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5...10°, күндүз 13...18° жылуу болот.
Тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0...5°, күндүз 5...10° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −1...-6° суук, күндүз 4...9° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −13...-18°, күндүз −2...-7° суук болот.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.