Оштун түнкү клубдарынын биринен өздөрү курду жигитти ур-токмокко алган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 22- мартта, болжол менен саат 02:00 чамасында катталган. Шаардык ооруканага 1995-жылы туулган жигит жаткырылган. Соттук-медициналык экспертиза жигит олуттуу жарат алганын аныктаган. Анын колу сынып кеткен.
Кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1995-жылы туулган жараны кармалган. 3-апрель күнү Жалал-Абад шаарынан кылмышка шектүү делген дагы бир жигит колго түшкөн.
Аларга карата Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.


