Ноокатта оорукананын жанынан ымыркайдын жансыз денеси табылды

15:28, 05 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ош облусунун Ноокат районунун борборундагы оорукананын жанынан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине райондук ИИБдан билдирди.

«Таап алган жергиликтүү тургундар «102» пультуна маалымат берген. Учурда ымыркай кыздын жансыз денеси соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Учурда милиция баланын энесин издеп жатат», — деп маалымдайт райондук ИИБ.