16:25, 05 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com
8- апрелден тартып оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн бир нече көчө жабылат. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.
15- майга чейин Чүй проспектинин Шабдан Баатыр көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки тилкеси жабык болот. Ал эми 10- июнга Шабдан Баатыр көчөсү Чүй проспектинен тартып, Анкара көчөсүнө чейин жабылат. 1-июлга чейин Чүй проспекти Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин жабык болот.
Аталган жол тилкелери оңдолуп, жол белгилери жаңыртылат.