07:07
USD 87.41
EUR 102.75
RUB 1.05

Токтосун Сабыров УКМКнын 9-кызматынын зардалы болуп дайындалды

Токтосун Сабыров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын 9-кызматынын зардалы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эскерте кетсек, УКМКнын 9-кызматын буга чейин Дамир Мусакеев жетектеп келген. Ал 4-апрелде иштен алынган. Дамир Мусакеевди бул орунга мурдакы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дайындаган. Ал ага чейин анын жан сакчысы болуп иштеген.
Эң көп окулган жаңылыктар