00:22
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарды суу каптай баштады

Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарды суу каптай баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын маалыматында, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баш-Дөбө айыл аймагында Кара-Дарыянын деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 гектар үлүш жерди, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 гектар жерин азыркы учурда суу каптаган.

Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар