Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тороо районунун тургундары каршылык акциясына чыгып, «Макмал алтын» комбинатын өрттөштү. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине митингге чыккандар билдирди.
Маалыматка ылайык, митингге үч миңге чукул адам чыккан. Алар алтын комбинатын жабууну талап кылууда.
«Фабрика экологияга зыян калып келип жатат. Учурда митингге чыккандардын саны өсүүдө», — деди алар.
Эскерте кетсек, Тогуз-Тороонун тургундары буга чейин дагы бир нече жолу каршылык акциясына чыгышкан.


