Ош базардагы өрт. Соодагерлер митингге чыгышты

13:35, 13 апреля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ош базарынын соодагерлери Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамасынын алдына элүүгө чукул киши чогулган. Митингге чыккандар чыгымдарын кайтарып, иш орундарын калыбына келтирип берүүнү талап кылышууда.

«Биз мурдагы калыбыбызга келгенче салык төлөмдөрүнөн бир жылга бошотушсун», — дейт митингдин катышуучулары.